Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

"Кумтөр" быйыл Ысык-Көлдүн өнүгүүсүнө төрт жүз миллион сом бөлөт


Кумтөр алтын кенин иштеткен "Кумтөр оперейтинг" компаниясы быйыл Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна 400 миллион сом бөлөөрү болжолдонууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" фонддун башчысы Айтбек Окенов билдирди.

Океновдун айтымында, былтыр 218 миллион 343 миң сом берилген. Ал акчага 12 объект ачылмак. Бирок төртөө гана ишке берилген. Калганын быйыл бүтүрүш үчүн дагы 19 миллиондой каражат керек экени айтылууда.

Мыйзам боюнча "Кумтөр" компаниясы жыл сайын тапкан кирешесинин бир пайызын облусту өнүктүрүү фондуна которуп турат. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG