Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Freedom House: Кыргызстан дагы эле жарым-жартылай эркин өлкө


Кыргызстан дагы эле жарым-жартылай эркин өлкө бойдон калууда. Мындай бүтүмгө Freedom House эл аралык уюму былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча келгени кабарланды. Аталган уюмдун Бишкектеги кеңсесинен "Азаттыкка" бүгүн кабарлашкандай, саясый укук жана жарандардын эркиндиги боюнча эч кандай өзгөрүү былтыр байкалган эмес.

Борбор Азиянын беш өлкөсү ичинен Freedom House Кыргызстанды гана жарым-жартылай эркин деп эсептейт. Уюмдун изилдөөлөр боюнча вице-президенти Арч Паддингтон:

- Борбор Азияда упайы эң начар өлкөлөр бар. Өзбекстан менен Түркмөнстанды биз “начарлардын начары” деген категорияга киргизгенбиз. Казакстан менен Тажикстан да ушул категорияга жакын.

Жалпысынан уюмдун эсебинде, азыр дүйнө калкынын 43% эркин, 23%
жарым-жартылай эркин, 34% эркин эмес коомдо жашайт. (RK/UE)

XS
SM
MD
LG