Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Базар-Коргондо өкмөттүн токтомуна каршы акция өттү


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Гүмкана айылынын 11 жашоочусунан турган комитет түзүлдү. Комитет аталган аймакта Дашман жаратылыш коругун ачуу тууралуу өкмөттүн 2012-жылдын 12-июлундагы токтомун жокко чыгарууну талап кылууда.

Кечээ Гумкан айылында 150дөй адам чогулуп нааразылык акциясын өткөргөнүн кабарчыбыз билдирди. Түзүлгөн комитет митингдин талаптарын бийликке жеткирүү максатын көздөйт.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, Арстанбап жана Кара-Үңкүр токой чарбаларына таандык жерлерден 7 951 гектар аянт Дашман жаратылыш коругун ачууга берилген. Ага учурунда райондук кеңеш да макулдугун берген. Район депутаттары мындай чечимди жергиликтүү тургундардын атынан жазылып, 384 адам кол койгон арыздын негизинде кабыл алгын.

Бирок бүгүн ал арызга эч ким кол койбогону, актай баракка эл кол чогултуп кетишкенин айтып эл нааразы болууда. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG