Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Ош прокуратурасы: Шоноевди аткан киши кармала элек


Милициянын полковниги Шоноевдин өлүмүн уюштурууга катышы бар деп шектелген беш адам кармалды, бирок кылмышты аткарган, милиционерди аткан адам азырынча кармала элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев билдирди. Анын айтымында, бешөө тең 25-27 жаштагы Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Учурда алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Оштогу башкармалыгынын тергөө абагында жатат.

Кылмышка шектүү делгендер милиция, прокуратура жана атайын кызмат өкүлдөрүнүн биргелешкен операциясы учурунда кармалды.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 11-январда Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак (Ош шаарынын жака белинде) айылынын Осмонов көчөсүндөгү үйүнүн жанынан, саат 19:30 чамасында киши колдуу болгон. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG