Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Лидерликке үйрөтүүчү жогорку билим программасы иштей баштады


Кыргызстанда алгачкы жолу стратегиялык башкаруу жана лидерликке үйрөтүүчү жогорку билим программасы иштей баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Менеджмент жана дизайн университетинен кабарлашты. Аталган жогорку окуу жайда быйылтан тарта стратегиялык башкаруу жана лидерлик боюнча магистрликке окутуу башталды. Бул программа Англиянын Edexcel /BTEC уюмунун аккредитациясынан өткөн, дүйнөнүн 112 өлкөсүндө таанылган.

Университеттин жетекчиси, профессор Камила Шаршекееванын айтымында, программа эл аралык деңгээлдеги жаңы муундун лидерлерин чыгаруу максатын көздөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG