Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Алжирде барымтадагыларды куткаруу уланууда


Британ премьери Дэвид Кэмерон алжирдик аскерлер барымтадагы адамдарды бошотуу операциясын улантып жатышканын, алардын арасында мерт болгондор болушу мүмкүндүгүн билдирди.

-Ушул тапта канча киши бардыгы так эмес, барымтага түшкөндөрдүн арасында британдар менен бирге кеминде 7 өлкөнүн жарандары бар. Алардын көпчүлүгү алжирликтер.

Алжирдин медиа каражаттарынын маалыматы боюнча бейшембиде башталган операцияда төрт чек элдик жаран жана бир нече согушкерлер көз жумган.

Исламчыл согушкерлер болсо барымтага түшкөндөрдү бошотуу маалында 50 киши, анын ичинде 35 барымтага түшкөн киши өлгөнүн кабарлашты.

Шаршембиде Алжирде «ал-Каида» менен байланышкан исламчыл согушкерлер In-Amenas жергесиндеги газ иштеткен компанияга чабуул жасап, ондогон жергиликтүү жана чет элдик жарандарды барымтага алган. Алар коңшу Мали мамлекетинен француздардын аскерий курамын чыгарып кетүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG