Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:39
Бүгүн Бишкекте Башкы прокуратуранын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү, күч органдарынын жетекчилери катышты. Башкы прокуратурага берилген Бишкектеги Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан эки кабат имарат мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө салына баштап, 2005-жылдагы март ыңкылабынан соң курулушу токтоп калган. Ачылыш аземинде президент Атамбаев аталган имараттын тарыхы бийлик үчүн сабак болушу керектигин билдирди.

- Бул имаратты 11 жыл мурун Аскар Акаевдин үй-бүлөсү үчүн салынсын деген токтом чыккан экен. Эми Башкы прокуратуранын бул имаратка кирип жатканы өзгөчө бир белги катары кабыл алыш керек. Ошондуктан учурда бийликте отургандар мындай сабакты унутпашы керек.

Ала-Тоо аянтынын жанында жайгашкан Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдагы апрел окуялары учурунда толугу менен күйүп кеткен. Башкы прокуратура Конституциялык Соттун имаратында иштеп жаткан.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG