Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Чек ара боюнча Жогорку Кеңеш токтом долбоорун кабыл алды


Кыргыз-өзбек чек арасында орун алган окуя боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды. Баткен облусундагы Чарбак айылында эки өлкө жарандарынын ортосунда чыккан чырды иликтеген депутаттык топтун маалыматы парламентте бир нече күндөн бери талкууланып жаткан. Алардын берген маалыматына ылайык, бүгүн кабыл алынган токтом долбоорунда эмнелер камтылганын депутат Равшан Жээнбеков айтып берди:

- Биринчиден, өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, кыргыз-өзбек чек арасында жабылып турган өткөрмө бекеттерин ачуу. Экинчиден, чек арада азыр орун алган кыйнчылыктарга тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин кароо. Үчүнчүсү - чек арадагы маселелерди чечүү үчүн мамлекеттен каражат бөлүү. Ар кандай суммалар айтылды. Биз зарыл болгон сумманы өкмөт аныктап, жакында бюджет боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизгендей кийин бөлүп берсин деген тапшырма бердик.

5-6-январда Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы Чарбак айылынын тургундары менен Сох анклавынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Кыргыз тарапка келтирилген материалдык зыяндарды өзбек тарабы төлөп берүүдө. Бул окуя орун алгандан кийин мамлекеттик деңгээлде ар мекемелерде талкууланып жатат. Окуяны иликтөө үчүн депутаттык жумушчу тобу да түзүлгөн. (AKu)

XS
SM
MD
LG