Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Азербайжанда полиция дүкөн ижарачылары менен кагылышты


Полиция дүкөн ижарачыларынын митингин күч менен таратып жаткан учур. 19-январь, 2012.
Полиция дүкөн ижарачыларынын митингин күч менен таратып жаткан учур. 19-январь, 2012.
Борбор Бакудагы “Бина” жеке менчик соода комплексинин ижарачылары ижара акысы мурдагыдан айына 300 доллардай көтөрүлгөнүнө бүгүн нааразылык билдирип чыгышты.

Полиция күч менен таратканга чейин демонстранттар эки саатча кан жолду буушуп, алардын айрымдары полицияга таш ыргытышты. Кагылышта эки тараптан тең жаракат алгандар болгондугу кабарланды. Ички иштер министрлиги билдиргендей, демонстранттардын 15ке жакынын полиция кармап кеткен.

Ижара акы көтөрүлгөнүнө нааразылык иретинде бүгүн 5000дей дүкөнчү өз жайларын ачкан эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG