Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

АКШда бүгүн президент жана вице-президент ант берет


Капитолийдин имараты ант берүү салтанатына даярдалууда.
Капитолийдин имараты ант берүү салтанатына даярдалууда.
Өлкө Конституциясынын талаптарына ылайык, президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден бийликтеги экинчи мөөнөтү үчүн ант берет. Обама антты Ак үйдө бериекчи.

Бирок АКШнын коомдук институттары жекшембиде жабык болгонуна байланыштуу ант берүү аземине арналган расмий салтанат 21-январда өтөт. Ал күнү президент Обама АКШ Конгрессинин имараты – Капитолийдин имараты алдынан инаугурациялык сөзүн сүйлөмөкчү.

Ант берүү аземин утурлай президент Обама жана вице-президент Байден жубайлары менен бирге “Кызмат көрсөтүүнүн Улуттук күнү” деген долбоорго катышты.

Обама үй-бүлөсү менен Вашингтодо, башка ыктыярчылардын катарында башталгыч мектепти оңдоп-түзөө иштерине аралашты. (UE)

XS
SM
MD
LG