Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Йеменде АКШ соккусунан тогуз согушкер жок кылынды


Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, АКШнын учкучсуз башкарылган учагы өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Мариб провинциясында ишемби күнү кечке жуук үч ирет сокку урган. Андан “ал-Каида” менен байланышы бар деп шектелген тогуз согушкер жок кылынды.

Бул соңку рейддин натыйжасында АКШнын учкучсуз башкаруудагы учактарынын соккусунан акыркы бир айда Йеменден кеминде 23 согушкер жок кылынды. Акыркы кездери АКШ Йемендин өкмөтү менен “ал-Каиданын” жергигиликтүү бөлүмүнө каршы күрөштө кызматташтыкты күчөттү.

“Ал-Каиданын” бул өлкөдөгү бөлүгү согушкерлердин глобалдык түйүнүндө эң активдүү деп эсептелет. (UE)

XS
SM
MD
LG