Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

Кытай АКШнын талаш аралдар боюнча сөзүнө нааразылык билдирди


Кытай тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Цинь Гандын бүгүн жарыяланган билдирүүсүндө ал АКШ тарапты Дяоюйтай аралдары боюнча “жоопкерчиликтүү позицияны” карманууга чакырары айтылат.

Кытай тараптын билдирүүсү АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жума күнү Вашингтондо жапон тышкы иштер министри Фумио Кишида менен жолукканда, АКШнын аралдардын сувернитети боюнча туруму жоктугу, бирок Жапониянын башкаруусуна шек келтирүүчү бир тараптуу аракеттерге каршы экендигин айткандыгы маалымдалгандан кийин жасалды.

Чыгыш Кытай деңизинде жайгашкан, эки өлкө талашып келе жаткан аралдарды Кытайда Дяоюйтай, Жапонияда Сенкаку деп аташат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG