Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17
Барак Обаманын ант берүүсүнө арналган чакан жөрөлгө Ак үйдө болду.
АКШ Конституциясынын талаптарына ылайык, президенттин расмий ант берүүсү 20-январда өтүшү керек эле.

Ал эми коомчулуктун катышуусунда ант берүү аземине арналган расмий салтанат эртеңкиге белгиленген.

Салтанатка 800 миңдей киши чогулаары күтүлүүдө. Президент Обама АКШ Конгрессинин имараты – Капитолийдин алдынан инаугурациялык сөзүн сүйлөмөкчү.

Обамага чейин бүгүн бийликтеги экинчи мөөнөтү үчүн вице-президент Жо Байден да ант берди.

АКШ президенти экинчи бийлик мөнөтүнө киришүү жөрөлгөсүн “Кызмат көрсөтүүнүн Улуттук күнүнө” катышуу менен кечээ баштаган.

Бул долбоордун максаты - америкалыктарылды ыктыярдуу ишке шыктандыруу.

Обама кечээ үй бүлөсү менен Вашингтодо башка ыктыярчылардын катарында башталгыч мектептин китеп текчелерин сырдоо ишине аралашты.

Ал эми вице-президент Жо Байден жубайы менен жарадар жоокерлерге жүк даярдоо ишине катышты. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG