Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Алжирде барымта курмандыктарынын саны өсүүдө


Алжирлик саперлор Сахара чөлүндөгү газ өндүрүүчү комплексте тазалоо иштерине киришкенде өлгөн адамдардын жаңы сөөктөрү табылып, барымтадагылар менен барымтачыларды кошкондо кеминде сексен адам мерт болгону кабарланды.

Каза тапкандар арасында АКШ, Британия, Жапония, Малайзиянын жарандары бардыгы айтылууда.

Мурдараак Алжир өкмөтү төрт күнгө созулган тирешүү учурунда 32 согушкер жок кылынып, барымтага алынгандардан чет өлкөлүк жана жергиликтүү 23 адам каза тапканын маалымдаган.

Куткаруу операциясы учурунда алжирлик 685, чет өлкөлүк 107 жумушчу аман-эсен бошотулган.

Франция тышкы иштер министри Лоран Фабиус бүгүнкү телеинтервьюсунда Алжирдин коопсуздук күчтөрүнүн чабуул коюу чечимин коргоду:

-Террорчулар жок кылынып, барымтадагылардын өмүрү сакталашын баары көздөгөн. Баарыбыздын оюбузда ушул нерсе болгон. Бирок бутунан башына чейин куралданган ондогон террорчуларды, алар жардырууну көздөгөнүн эске алганда, биз кыйынчылыктарды түшүнөбүз.

Алжир, Британия, Норвегиянын компаниялары биргелешип иштеткен газ комплекске “ал-Каида” менен байланышы бар 32 согушкер шаршемби күнү кол салган болчу.

Алар чабуулун Франция коңшу Малиге аскерий интервенция жасап, исламчыл топторго каршы күрөшкө аралашканы үчүн "өч алуу" деп түшүндүрүшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG