Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Сирия оппозициясы Асаддын тышкы иштер министринин сунушун четке какты


Сирия тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем оппозицияны куралсызданып, бийлик менен жаңы өкмөттү куроо боюнча сүйлөшүүгө чакырган эле.

Бирок Сирия Улуттук кеңешинин Париждеги өкүлү Монзер Махус бүгүн Рейтер агенттиги менен маегинде оппозиция президент Асаддын режими менен өкмөт куроого эч качан барбасын айтты:

- Сирия режими өзү саясий чечимге барууга жөндөмсүз. Башар Асад саясий чечимди издөө мүмкүнчүлүгүн акыркы сөзүндө жокко чыгарган.

Сирия тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем ишембиде мамлекеттик теледен сүйлөгөн учурунда жаңы өкмөткө “улутчул оппозиция” кире алаарын, бирок президент Асаддын келечеги жөнүндө сөз кылуу “кабыл алынбастыгын” айткан.

Бул аралыкта Сириянын оппозиция лидери бүгүн Стамбулдагы жыйынында өткөөл өкмөттү куроо боюнча экинчи аракетин баштады. Алар ушул айдын аягында Парижде жолугат деп күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG