Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

Кыргызстан Берлиндеги "Жашыл жумалыкка" катышууда


Кыргызстан Берлинде ачылган "Жашыл жумалыкка" катышып жатат. Ал жерде кыргыз айыл чарбасына арналган бөлүмдүн салтанаттуу ачылышы өткөнүн Экономика министрлиги кабарлайт. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү алдыңкы компаниялар өзүлөрү чыгарган азык-түлүктүн үлгүсүн алып барып, жарманкенин катышуучуларына тартуулоодо.

"Жашыл жумалык" Берлинде жыл сайын өткөрүлөт. Эл аралык бул көргөзмө-жарманкенин максаты - экологиялык таза продукция чыгарган ишканалар менен алаканы кеңейтүү. Быйыл аталган иш-чарага Германиянын бизнес коомчулугунун элүүгө жакын өкүлү катышууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG