Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Ош, Жалал-Абад мамдирекциясын текшерүү мөөнөтү узартылды


Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мурдагы мамлекеттик дирекцияны аудиттик текшерүү мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова Ошко барганда айтты. Ал мамлекеттик дирекциянын жетекчилиги менен жолугуп, коогалаңдан кийинки калыбына келтирүү, жабыркагандарды үй-жай менен камсыз кылуу ишинин жүрүшүн көрүп келди. Аудит калыс жана таза өтөөрү, анын мөөнөтүн узартуу аталган мамдирекция жоюлуп жатканына байланыштуу экени айтылды.

Мамдирекция анын актуалдуулугу жоголгонуна байланыштуу өткөн аптада өкмөттүн токтому менен жабылган болчу. Мамдирекцияга бөлүнгөн айрым акча туура эмес пайдаланылды деген дооматтар коомчулукта айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG