Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Барактыктар Кыргызстан менен байланышсыз калды


Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын Барак эксклавынын жашоочулары чек ара жабык болгондуктан, Кыргызстан менен байланышсыз калды. Бул тууралуу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Барак айылынын тургундары “Азаттыкка” билдиришти. Алардын айтымында, 16-январдан бери чек ара бекетин Өзбекстан жаап салгандыктан, байланыш үзүлүп, Барак айылында отун-суу, азык-түлүк тартыштыгы түзүлүүдө. Айыл тургундары тиелешүү бийлик өкүлдөрү кабар албай жаткандыгына нааразы.

Ал эми Кара суу районунун акими Тилекбек Матраимов чындыгында барактыктар менен жол байланышы үзүлүп калганын, бирок айыл тургундары менен күнүнө бир канча ирет байланышып, ал-абалдарын сурап жатышканын айтты. Ал кошумчалагандай, 19-январда бир кыргыз чек арачы өзбек чек арачылары менен макулдашып, Баракка кирип, боюнда бар аялдарды алып чыккан. Аким Барак айылына кирип-чыккан жолду ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын, айыл тургундары үчүн азык-түлүк камдап коюшканын кошумчалады. (ZB)

XS
SM
MD
LG