Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Поезд билеттерге байланыштуу кылмыш иш кайра тергеле баштады


Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы поезд билеттерге байланыштуу кылмыш ишти кайра тергей баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" прокурор Кубанычбек Мамакеев билдирди. Анын айтымында, 2008-2010-жылдары "Юртранссервис" деп аталган компания ар билетке 250сомдон кошуп турган. Бул компанияны мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Искендер Бакиев түзгөн. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 86 миллион сом деп бааланган.

- Ошол 250 сомдун 50сү темир жолду өнүктүрүү үчүн деп алынчу. Ал эми 200 сомду таптаза киреше катары "Юртранссервис" алчу, - дейт Мамакеев.

Прокурордун айтымында, кылмыш иш Бишкектин Ленин райондук сотуна барганда Транспорт прокуратурасынын мамлекеттик айыптоочусу айып тагуудан баш тарткан. Ошондуктан иш жабылган. Кийин Искендер Бакиев баш болгон "Юртранссервистин" кызматкерлери качып кеткени маалым болгон.

Кубанычбек Мамакеев прокурор болуп келгенден кийин бул ишти кайра казып чыгып, соттон өтүнүп, Жогорку Соттун чечими менен кайра иликтөөгө киришти. (EBM/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG