Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Кыргызстанда сарык азая баштады


Кыргызстанда сарык оорусуна чалдыккандардын саны азайып калды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жугуштуу оорулар боюнча республикалык оорукананын дарыгери Чолпон Идирисова билдирди.

Анын айтымында, сарык боюнча эпидемия былтыр августта башталган. Бир күндө ооруканага кайрылгандардын орточо саны буга чейин 200гө жетип жаткан. Алардын жүздөйү жаткырылып, калганы үйдө дарыланууга жөнөтүлүп турду.

- Учурда медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны күнүнө 50нүн тегерегинде болууда. Алардын 15-20сы ооруканага калтырылып, калганын амбулатордук дарыланууга жөнөтүп жатабыз, - дейт Идирисова.

Сарык ичеги-карын органдарынын жугуштуу оорусу. Ал негизинен боорду жабыркатат.

Бул жолу сарык эпидемиясы катуу болгону айтылууда. Көптөгөн бала бакча, мектептерде тарбия жана окуу иштери убактылуу токтотулуп жатты. (RK)

XS
SM
MD
LG