Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:12

Базар-Коргондо жаңгак уурулугу боюнча иш тергелүүдө


Базар-Коргондогу жаңгак уурулугу боюнча катталган фактты облустук тергөө бөлүмү териштирет. Облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү жаңгак уурулугуна байланыштуу Базар-Коргон райондук милициясы козгогон кылмыш ишти өзүнө өткөрүп алды.

Башкармалыктын басма сөз кызматкери Таалай Сусунбаевдин айтымында, 18-январда узундугу 2 метр келген 26 даана жаңгак дарагын жүктөгөн "Мерседес-Бенц- 1422" автоунаасы кармалган. Ал жүгү менен камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.(YA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG