Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Бангладеште ислам диниятчысы өлүм жазасына тартылды


Бангладештин соту Жамаат-и-Ислами партиясынын мурдакы башчысы Абдул Калам Азадды өлүм жазасына тартты. Сот төрагасы дүйшөмбү күнкү сот жараянында ислам диниятчысыы 41 жыл мурдакы Пакистан менен болгон өлкө күнкорсуздук согушунда адамдарды кыруудагы, зордуктоодогу жана талап-тоноодогу ролу үчүн дарга асуу менен өкүм аткарылсын деди. Абдул Калам Азад 1971-жылкы күнкорсуздук күрөшү кезде согуш кылмышын жасаган деп айыпталган оппозициянын жетекчилеринин бири. Азад былтыр мартта Бангладештин согуш трибуналы аны камоо жөнүндө өкүм чыгаргандан кийин Пакистанга качып кеткени маалымдалган. Трибуналдын тергөөнү өткөрүү ыкмасына Бангладештин оппозициясы жана адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG