Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Тажикстанда Абдулло Назаровдун өлүмүн иликтөө аяктады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тоолуу Бадахшан облусу боюнча башчысы, генерал Абдулло Назаровдун өлүмүнө шектелип эки киши кармалган. Тоолуу Бадахшан облусунун Баш прокурору Мухаммед Арбобоевдин дүйшөмбүдө жарыялаганы боюнча генералды өлтүргөн эки кишинин иши сотко ашырылды, азырынча өлтүрүүнүн себеби ачык айтылган жок.
Өткөн жылы генерал Назаровдун өлүмүнөн кийин жүргүзүлгөн аскерий операциялардан соң, мурунку талаа командири Толиб Аембеков жана Хамза Галназар колго түшүп беришкен. Расмий маалыматтар боюнча аскерий операция учурунда Аембековдун кырктан ашуун кишилери жок кылынганы айтылган, жергиликтүү элдин айтымында чабуул учурунда 70тен ашуун киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG