Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Чек ара кызматы мыйзам бузган өзбекстандык 3 жаранды милицияга өткөрдү


Кыргызстандын Чек ара кызматы12-январда Риштан аймагынан Сох анклавына Кадамжай районунун Жаш-Тилек айылы аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган өзбекстандык үч жаранды кармаган. Алардын экөө Р. Нишонов менен Ю. Каримов 37 жашта, дагы бири –Ф. Юлдашев 23 жашта. Чек ара кызматынын "Азаттыкка" билдиргенине караганда кошуна өлкөнүн жарандары чек араны жашыруун жол аркылуу документсиз өтүп бараткан жеринен кармалышкан.
Бул мыйзам бузуу фактысын териштирүү үчүн чек ара кызматы кармалгандары Баткен облустук ИИБнын карамагына өткөрүп берди.

6-январдагы Чарбак жаңжалынан кийин аймактагы чек ара бекеттери жабылган. Чек ара жабылганга чейин Фергана шаарында же Риштан аймагында жүргөн айрым сохтуктар айылына жете албай жаткандыгы мурда айтылган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG