Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

"Ата-Журттун" камактагы депутаттарынын тарапкерлери митингге чогулууда


Ош облусунун Кара-Кулжа районунун борбордук стадионунда "Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаттарынын соту адилеттүү өтүшүн талап кылган митингге эл чогула баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» уюштуруучулардын бири Расул Дүйшембиев билдирди. Анын айтымында азыр 300дөй адам топтолду. Митинг баштала элек.

Иш-чарада депутаттардын үстүнөн 24-январда өтө турган соттук териштирүүнү акыйкат жүргүзүү талабы коюлмакчы.

Кара-Кулжанын акими Каныбек Алиязов бүгүнгө пландалган митинг мыйзамсыз экенин «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, иш-чара тууралуу жергиликтүү бийликке уюштуруучулар кечээ маалымдаган.

«Митингди өткөрүүчү тарап бизге жок дегенде 3 күн мурда кабарлаш керек болчу. Элди чогулта турган жер деле жергиликтүү бийлик менен макулдашылып, анан чечилиши зарыл эле. Алар мыйзамдуу жолду тандаган жок»,- деди Алиязов.

Ошондой эле аким ушул тапта чогулгандар саны 300гө жетпесин кошумчалады. Жалпы абалга милиция көз салууда.

24-январда «Ата-Журт» партиясынын камактагы лидери Камчыбек Ташиевдин, парламенттеги фракция лидери Садыр Жапаровдун жана депутаты Талант Мамытовдун үстүнөн соттук териштирүү уланат. 10-январда айыпталуучулар ишти кароочу сотко ишенбөөчүлүк айтып, процесс 24-январга калтырылган.

«Атажуртчу» депутаттарга Кылмыш Кодексинин «Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык жасаган», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деген беренелер боюнча айып тагылууда. Алар өзүлөрүн күнөөсүз экенин айтууда. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG