Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Кара-Кулжадагы тынч митинг аяктады


Кара-Кулжа районунда "Ата-Журт" партиясынын камактагы лидерлеринин тарапкерлери уюштурган тынч митинг аяктады. Район акими Каныбек Алиязовдун "Азаттыкка" айтымында, ал өзү барып, нааразылык акциясына чыккандар менен жолукту, талаптарын борбордук бийликке жеткирүү убадасын берди.

Кара-Кулжа районунун борбордук стадионунда бүгүн "Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаттарынын соту адилеттүү өтүшүн талап кылган митинг өттү. Уюштуруучулардын айтымында, ага 500дөй киши катышты.

24-январда «Ата-Журт» партиясынын камактагы лидери Камчыбек Ташиевдин, парламенттеги фракция лидери Садыр Жапаровдун жана депутаты Талант Мамытовдун үстүнөн соттук териштирүү уланат. 10-январда айыпталуучулар ишти кароочу сотко ишенбөөчүлүк айтып, процесс 24-январга калтырылган.

«Атажуртчу» депутаттарга Кылмыш Кодексинин «Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык жасаган», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деген беренелер боюнча айып тагылууда. Алар өзүлөрүн күнөөсүз экенин айтууда. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG