Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

Бүгүн акыйкатчыны шайлоо болот


Жогорку Кеңеш бүгүнкү жалпы отурумунда Кыргызстандын акыйкатчысын жашыруун добуш берүү жолу менен шайлайт. Акыйкатчылык орунга он алты талапкер ат салышууда. Алардын арасында азыркы акыйкатчы Турсунбек Акун, Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев, мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов жана бир катар укук коргоочулар бар.

Жаңы мыйзамга ылайык, иштеп жаткан акыйкатчынын мөөнөтү бүтөрүнө бир ай калганда шайлоо болот. Ага ылайык, бүгүн шайлануучу акыйкатчы 14-февралдан тартып ишине киришет. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG