Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Юлия Тимошенко адам өлтүрүү боюнча айыпты четке какты


Евгения Тимошенко

Евгения Тимошенко

Бул тууралуу бүгүн Украинанын камакта отурган мурдагы премьер-министринин кызы Евгения Тимошенко билдирди. Анын бүгүн журналисттерге айтканына караганда, энеси адам өлтүргөнү үчүн шектелип жатканы боюнча расмий катты ага видео камера менен келген белисиз адамдар окуп берип, адвокаттардын катышуусуз эле тапшырып кеткен:

- Албетте такыр айла кеткенде ушундай айып коюларын күткөнбүз. Ошондой учур келди. Биз азыр Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимин күтүп жатабыз. Чечим саналуу апталарда чыгат. Албетте режим бурчка такалып турат.

Украинанын башкы прокурору Виктор Пшонка Тимошенко 1996-жылы депутат жана ишкер Евгений Щербанды өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелип жатканын өткөн аптада жарыялаган. Тимошенко кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен учурда жети жылдык түрмө жазасын өтөөдө.

Салыктан качкан, акча уурдаган деген айып менен козголгон экинчи кылмыш иши боюнча сот анын саламаттыгына байланыштуу 12-февралга чейин токтотулган. Мурдагы премьер-министр өзүнө коюлган айыптардын баарынын саясий жүйөсү бар деп эсептейт. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG