Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Акыйкатчыны шайлоо түштөн кийинкиге калды


Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоону Жогорку Кеңеш түштөн кийинкиге калтырды. Бул тууралуу төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Түшкө чейин депутаттар акыйкатчыны шайлоо тартиби кандай болушу керектигин талкуулады. Ар бир депутат бирден талапкерге гана добуш бере алабы же бир нечесинеби деген маселе талаш жаратты. Жыйынтыгында ар бир депутат бирден гана талапкерге добуш бермей болду. Акыйкатчылыкка 16 талапкер ат салышууда. Алардын арасында биринчи акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жана азыркы Турсунбек Акун да бар. Добуш берүү жашыруун болот. Эң көп добуш алганы жеңүүчү аталат.

Азыркы акыйкатчынын иш мөөнөтү бир айдан кийин аяктайт.

Жогорку Кеңеш азыр түшкү тыныгууга кетти. Кайра саат экиде чогулуп, акыйкатчыны шайлай баштайт. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG