Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Иорданияда парламенттик шайлоо өтүүдө


Падыша Абдулла шайлоочуларга жасаган кайрылуусунда саясий өнөктүк Иорданияда эки жыл мурдагы "Араб жазынан" улам ал баштаган демократиялык реформалар үчүн маанилүү белес болорун белгиледи. Шайлоо алдында добуш сатып алуулар болгонун маалымат булактары кабарлашты. Парламенттин төмөнкү палатасындагы 150 орун үчүн 1400дөн ашуун талапкер ат салышууда.

Иорданиядагы эң чоң саясий партия - “Мусулман агайындар” жана төрт партия, анын ичинде коммунисттер менен улутчулдар шайлоого бойкот жарыялашкан. Ага карабай, 3 миллион шайлоочунун 70 проценти добуш берүү үчүн каттоодон өтүшкөн.

Жаңы мыйзамга ылайык, азыр шайланчу парламент биринчи жолу премьер-министрди дайындайт. Буга чейин премьерди падыша өзү дайындачу.

XS
SM
MD
LG