Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Кэмерон ЕБ боюнча референдум өткөрүлүшүн каалайт


Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон эгер ал жетектеген өкмөт кайра шайланса, 2017-жылдын аягында Европа Биримдигине кошулуу боюнча референдум өткөрүлөт деди. Британияда кийинки шайлоо 2015-жылы болот.

Кэмерон шаршемби күнү Лондондо сүйлөп, Евробиримдикке канааттанбагандык коомдо “ар дайым өтө бийик” деп, 27 мүчөлүү уюмду реформалоого, анын ичинде демократиялык жоопкерчиликти жогорулатууга жана мүчө өлкөлөрдүн бийлик укугун кеңейтүүгө үндөдү. Британ премьер-министринин айтышынча, Биримдик өсүп-өнүүгө көмөктөшүү жана элдин колдоосун жоготпоо үчүн өзгөрүш керек.

Референдум жөнүндөгү кеп-сөздөр Европа жана Түндүк Американын жетекчилигин кабатыр кылган. Өткөн аптада президент Обама Кошмо Штаттар Британия менен Евробиримдиктин кубаттуу болгонуна кызыкдар экенин Кэмеронго айткан.

XS
SM
MD
LG