Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Турсунбек Акун акыйкатчы болуп кайра шайланды


Турсунбек Акун Кыргызстандын акыйкатчысы болуп кайра шайланды. Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн экинчи турунда аны 51 депутат колдоп добуш берди. Ал эми аны менен кошо биринчи турда бирдей добуш алып экинчи турга чыккан Турсунбай Бакир уулуна 35 добуш тийди.

Жашыруун добуш берүүгө 94 депутат катышты. Акыйкатчыга биринчи турда 16 талапкер катышкан.

Мыйзам боюнча омбудсменди тандоо - кызматтагы акыйкатчынын мөөнөтү аяктаганга бир ай калганда башталат жана талапкерлерди депутаттык фракция, президент, саясий партиялар жана коомдук уюмдар сунуштайт. Акыйкатчы 5 жылдык мөөнөт менен шайланат. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG