Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Москвада оппозиция мүчөлөрү камакка алынды


Орус полициясы Москвадагы Нидерландиянын элчиканасы алдында уруксатсыз чогулган оппозициянын сегиз мүчөсүн кармап кетти. “Башка Орусия” кыймылынын мүчөлөрү элчиканын маңдайында туруп, бир апта илгери Амстердамдын ортосунда жасаты табылган партиялашы - Александр Долматовду эскермек болушкан.

Партиялаштарынын айтымында, Долматов Нидерланд бийликтери ага саясий баш паанек берүү өтүнүчүн четке каккандан бир күндөн кийин өз жанын кыйган. Аскерий фирмада дизайнер болуп иштеген Долматов былтыр майда Москвада болгон антиөкмөттүк демонстрациядан кийин камакка алынып, кийин коё берилген. Ал июнда Москвадагы үйүн полиция тинтип кеткен соң Орусиядан чыгып кеткен эле.

XS
SM
MD
LG