Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Баткен: Сохко гумжардам алып өтүү тууралуу өтүнүч болгон эмес


Бул тууралуу Баткен облусундагы өкмөт өкүлү Жеңиш Разаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Сохко гуманитардык жардам алып өтүү тууралуу Өзбекстандын бийлигинен да, коомчулугунан да эч кандай өтүнүч түшкөн эмес:

- Алар тараптан эч кандай сунуш да, өтүнүч да болгон жок. Биз эл аралык нормаларга карап, анклавга жол берүүнү чечтик. Элге да түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, эгер гуманитардык жардам өткөргүлөрү келсе, биз жүктүн да, кишилердин да коопсуздугун камсыздап, дарегине жетүүсүнө көмөк көрсөтүүгө даярбыз.

Айрым маалымат каражаттары Өзбекстандын көз карандысыз укук коргоочулар демилгечи тобу өзбек бийлиги тарабынан топтолгон азык-түлүк жана күйүүчү май чек арадан өтө албай турат деп айтышканын жазып чыгышкан.

Чек арада 5-6-январда болгон чатактан бери Өзбекстандын Сох анклавынын айланасындагы жолдордун баары жабык турат. Анклавдын тургундары азык-түлүк, күйүүчү май тартыш болуп жатканын “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришкен эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG