Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Обама Алленди НАТОнун Европадагы башчылыгына көрсөтөт


Барак Обама Пентагон актагандан кийин генерал Жон Алленди НАТОнун Европадагы башкы командачылыгына көрсөтмөк болду. Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни өкмөт “бул сунушту кайра жандантууну көздөп” жатканын айтты.

АКШ куралдуу күчтөрүнүн Ооганстандагы башкы командачысы, генерал Жон Аллен Евпропадагы НАТОнун жетекчилигине өткөн жылы июнда көрсөтүлгөн. Бирок анын Жилл Келли аттуу аял менен кат алышуусунун мыйзамдуулугун Пентагон иликтегенче, Алленди жогорку кызматка дайындоо маселеси токтоп калган.

Жилл Келли ЦРУнун мурдагы директору Дэвид Петреуска байланышкан жаңжалга тиешеси бардыгы аныкталган болчу.

Генерал Жон Аллендин Ооганстандагы кызматынын мөөнөтү февралда аяктайт.

XS
SM
MD
LG