Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Кыргыз макалына арналган эссе сынагы жарыяланды


Кыргыз макалына арналган эссе сынагы жарыяланды. Анын демилгечиси - "Тынчтык борбору" деп аталган коомдук фонд. Фонддон "Азаттыкка" кабарлашкандай, сынакка 14 жаштан 30 жашка чейинки жарандар катыша алат. Бирок кесипкөй журналисттер жана илимий даражасы бар филологдор катыша албайт.

Максат - кыргыздын салттуу руханий баалуулуктарын коомчулукка жайылтуу, кылымдар элегинен өтүп келаткан макал-лакаптардын маани-маңызын терең ачып берүү.

Сынакка катышкан авторлор макалдардын алардын жеке жашоосуна тийгизген таасири, бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу, күчү, ийгиликке жетүүдөгү ролу тууралуу баяндап берүүгө тийиш.

Мыкты эссе жазгандар апрел айында өтчү салтанатта баалуу белектер менен сыйланат. Атайын белек катары жайында Ысык-Көлдө өтчү "Салттуу маданият жана азыркы жаштар" жайкы лагерине жолдомо берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG