Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Ташиев: Биз кылмыш жасаган эмеспиз


Былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алуу аракети болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн сотто "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев билдирди:

- Эч кандай кылмыш болгон эмес. Колубузда курал же таш жок болчу. Бир да адамдын бетин чийген жокпуз, жаман айткан жокпуз. Саясый жактан алып караганда мен туура иш жасадым жана мындан ары да ушундай кадамга даярмын. Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган эмеспиз. Мен ар дайым айтып келем - биз мамлекетке күч колдонуп же зордук менен келбейбиз.

"Ата-Журт" партиясынын лидерлери, депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин тергөө абагына камакка алынган. Камчыбек Ташиев кан басымы улам жогорулап жатканы жана ашказан оорусуна байланыштуу УКМКнын клиникасына которулган. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG