Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

Түндүк Корея стратегиялык ракеталарды сыноону уланта берет


Өкмөттүк KCNA агенттигинин Улуттук коргоо комиссиясына шилтеп кабарлашынча, сыноолордун бутасы – “Түндүк Кореянын элдешкис жоосу Кошмо Штаттар болот”. Шаршемби күнү Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши декабрда Пхенян орбитага сателиттик спутник учурганын сындаган жана өлкөгө санкция жарыялаган резолюция кабыл алган болчу. Түндүк Кореянын ырасташынча, ракета орбитага тынчтык максатында учурулган. Бирок АКШ, Жапония жана башка өлкөлөр Пхенян алыс аралыкка учуучу ракета технологиясын сынаган деп тастыкташууда. БУУнун Коопсуздук кеңеши 2006-жана 2009-жылдары Түндүк Корея өткөргөн ядролук сыноолорго байланыштуу Пхеняндын ракета жана ядролук технологияны өнүктүрүүсүнө тыйуу салган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG