Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Президент Карзайдын иниси да саясий майданга чыкты


Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын иниси Махмуд Карзай саясатка жигердүү катышуу максатында АКШ жарандыгынан баш тартканын “Азаттыктын” Ооган кызматына билдирди. 57 жаштагы Махмуд Карзай Ооганстандын банк, тоо кен, кыймылсыз мүлк секторунда иштеген бай адам. Ал Кошмо Штаттарда узак жылдар жашаган. Маалыматтарга караганда, Сан-Францискодо, Бостондо, Балтимордо ресторандары бар жана Ооганстандагы эң чоң менчик банк - Кабыл банкынын акцияларынын 7 процентине ээ. Былтыр көз карандысыз аудит өткөргөн текшерүү Кабыл банкы мыйзамсыз жолдор менен тыш өлкөлөргө 900 миллион доллар чыгарып кеткенин аныктаган. Карзай өзүн акмын, эч кандай мыйзамсыз кадамдарды жасабагам дейт. Агасы Хамид Карзайдын президенттик мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Махмуд Карзай келерки жылкы президенттик шайлоого катышып-катышпасын али ачык айта элек.

XS
SM
MD
LG