АКШнын Коргоо министрлиги 18 жашка толгон кыз-келиндердин согушка катышканына уруксат берди. Бейшемби күнү Пентагон жарыялаган билдирүүдө, аялдардын кургактагы согуштук операцияларга түздөн-түз катышканына тыйуу салган токтому жокко чыгарылганы айтылат.
Коргоо министри Леон Панеттанын сөзүнө караганда, мындай чечим АКШ куралдуу күчтөрүнүн командачыларынын макулдугу менен кабыл алынган. Бул чечимге ылайык, 2016-жылга чейин аскерий жетекчилик аялдар аткарууга тыйуу салган кызматтарды тактоого тийиш. Ак үйдүн өкүлү Жей Карней бейшемби күнү президент Обама Пентагондун саясатын жактырганын билдирди.