Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:57

Анклавдарга жол ачуу боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат


Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох, ал эми Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак анклавына жол ачуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын “Азаттыкка” Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов билдирди:

- Чек ара маселеси боюнча, кайсы чек ара өткөрмөлөрүн ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, кайсы өткөрмөдөн эл өтөт, кайсынысынан жүк өтөт деген суроолордун айланасында кеңири талкуу болуп атат. Азырынча бир жыйынтыкка келе элекпиз, дагы сүйлөшүүлөр уланып жатат. Анткени биздин сунуштарга алар макул болбой, алардын сунуштары бизге ылайык келбей, сүйлөшүүнү улантып жатабыз.

Токон Мамытов Өзбекстандагы Барак анклавында жашагандарга азык-түлүк, отун-көмүр, дары-дармек жеткирүү, ал жерде ооругандар болсо аларды чыгарып, ооруканага жеткирүү боюнча да сүйлөшүү жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Кечээ анклав караштуу болгон Кара-Суу районунун акиминин орун басары Сооронбай Жолдошев жол бүгүн ачылышы ыктымалдыгын айрым маалымат каражаттарына айткан. Акимдин орун басары жол ачылары менен барактыктарга гуманитардык жардам жеткирилерин билдирген.

5-6-январда кыргыз-өзбек чек арасында болгон чатактан кийин, Кыргызстан жаңжалдагы чыгымдарды төлөп берүүсүн талап кылып, Өзбекстандын Сох анклавына жолду жапкан. 17-январдан тарта Өзбекстан тарап кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук”, “Маданият”, “Кең-Сай” өткөрмө бекеттерине чектөө киргизип, ал эми Кызыл-Кыя өткөрмө бекетин 18-январдан бери толук жаап салды. Кийинчерээк эки өлкөнү туташтырган темир жол өткөрмөлөрү да өзбек тараптан толугу менен жабылган.

Чек аралардын жабылуусунан 60 миң калкы бар Сох анклавындагы жана 300 чамалуу кожолук жашаган Барак анклавындагы карапайым калк жабыр тартууда. Сохтуктар аймакта тамак-аш, дары-дармек, күйүүчү май тартыш болуп жатканын билдиришүүдө. 23-январь күнү Баткен облусунун бийлиги Өзбекстандын Сох анклавына гуманитардык жардам жеткирүү үчүн жол ачып берүүгө жана жүктүн коопсуздугун камсыздоого даяр экенин билдирген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG