Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

“Ата Журттун” камактагы депутаттарынын соту уланат


Бүгүнкү жараянда сот “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин, фракция башчысы Садыр Жапаровдун, партиянын парламенттеги депутаты Талантбек Мамытовдун жана алар менен кошо камалып отурган үч кишинин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын өтүнүчүнө жооп берет.

Кечээ айыпталуучулардын адвокаттары алардын ден соолугуна жана депутаттык макамына карап, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар соттон депутаттарды камакта калтырууну сурашты.

3-октябрь күнү Бишкекте болгон митингден кийин митингчилердин Ак үйгө кирүү аракети үчүн "Ата-Журт" партиясынын лидерлери, депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов камакка алынышкан. Аларга “Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган” деген айып тагылган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG