Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Сохто бензин, Баракта көмүр жок


Сохтогу май куюучу бекеттерде күйүүчү май такыр жок, колдо сатуучулар анын литрин 3000 сумдан сатып жатышканын аймактын тургуну “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирген:

- Күйүүчү майдын 1 литрин 3000 сумдан каалаганча алсаңыз болот. Кыргыздар өздөрү чек арага канистр менен апкелип берип атышат.

Ал эми Өзбекстандагы Барак анклавынын тургуну Полот Оморов айылда электр жарыгы жоктугун, элде көмүр калбаганын “Азаттыкка” кабарлаган.

Чек аралардын жабылуусунан 60 миң калкы бар Сох анклавындагы жана 300 чамалуу кожолук жашаган Барак анклавындагы карапайым калк жабыр тартып жатат. Эки жакта тең тамак-аш, дары-дармек, отун-суу тартыш болуп жатканы айтылууда.

23-январда Баткен облусунун бийлиги Өзбекстандын Сох анклавына гуманитардык жардам жеткирүү үчүн жол ачып берүүгө жана жүктүн коопсуздугун камсыздоого даяр экенин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG