Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Сот "атажуртчу" лидерлерди үй камагына чыгаруудан баш тартты


Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата-Журт" партиясынын лидер депутаттарынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен "атажуртчулар" Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынган. Ташиев ден соолугуна байланыштуу УКМКнын клиникасында кармалууда.

Соттук териштирүү 10-январда башталды. Кечээки отурумда соттолуучуларга сөз берилди. Камчыбек Ташиев алар кылмыш кылбаганын, бийликти күч менен басып алууга аракет жасалбаганын айтты.

Үй камагына чыгаруу өтүнүчүн соттолуучулардын адвокаттары кечээ келтирди. Бирок буга чейин тергөө учурунда да ушундай эле өтүнүч айтылып, соттор аны канааттандырбай койгон болчу. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG