Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Бекназаров: "Ата-Журт" лидерлеринин соту мыйзамсыз жүрүүдө


"Ата-Журт" партиясынын лидер депутаттарына карата козголгон кылмыш иш боюнча соттук териштирүү мыйзамсыз жүрүүдө. Мындай пикирин бүгүн соттолуучулардын жактоочусу Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, депутаттар айыпталган Кылмыш кодексинин айрым беренелери боюнча аларды кылмыш жообуна тартыш үчүн адегенде кол тийбестик макамы алынышы керек болчу.

Соттолуп жаткан депутаттардын адвокаттары кечээ аларды үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирген. Бирок бүгүн сот ал өтүнүчтү канааттандырбай койду.

Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган болчу. Ташиев жакында ден соолугуна байланыштуу ошол эле мекеменин клиникасына которулду.

Териштирүү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жүрүп жатат. Соттолуучулардын жүздөй тарапкери, кабарчыбыздын айтымында, алардын бошотулушун талап кылып, сот алдында митинг өткөрүп жатат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG