Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Учакта төрөгөн эненин абалы жакшы, ымыркайы реанимацияда


22-январда Санкт-Петербург шаарынан Ошко келаткан учактын ичинде көз жарган Гүлдана Шерикпай кызынын ден-соолугу жакшы. Учурда ал ымыркай менен Ош облустук төрөтканасында жатат. Бул тууралуу аталган медициналык мекеменин жетекчи орун басары Асылкан Асанова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, ымыркай төрөт үйүнө келгенге чейин үшүп калгандыгына байланыштуу ден-соолугу начарлаган. Учурда реанимация бөлүмүндө жатат.

Гүлдана Шерикпай кызы учакка отурганда өзүндө эч кандай толгоонун белгилери байкалган эместигин айтты. Ал тургай боюндагысы канча айлык экенин да билген эмес. Учак жарым жолго жеткенде анын толгоосу башталган. Буту менен келген эркек ымыркайды экипаждын командири, учкуч Алексей Романюк төрөтүп алган.

Ымыркайга азырынча ат коюла элек. Төрөткөн учкуч балага өзүнүн ысымын берүүнү суранган. Бул боюнча Гүланда Шерикпай кызы үй-бүлөсү менен кеңешип, анан бир чечимге келээрин айтууда.

Учак Орусиянын «Россия» авиакомпаниясына тийиштүү болгон. Гүлдана Шерикпай кызы Алай районунун Сөгөндү айылынын тургуну. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG