Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Баш прокурор "Ата-Журт" лидерлеринин сотуна күбө катары чакырылат


Баш прокурор Аида Салянова "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин сотуна күбө катары чакырылат. Соттолуучулардын адвокаттарынын мындай талабын бүгүн сот канааттандырды. Ошондой эле баш прокурордун мурдагы орун басары Нурлан Жээналиев жана Баш прокуратуранын тергөө тобунун башчысы Жылдызбек Исмаилов да күбө катары чакырылмай болду.

Адвокаттардын бул өтүнүчүнө мамлекеттик айыптоочулар каршы пикирин айтып, аларды чакырууга негиз жок экенин айтты. Бирок сот соттолуучулар тараптын өтүнүчүн канааттандырды.

Былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалган "атажуртчу" лидерлер Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин Биринчи Май райондук соту териштирип жатат. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG