Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Египетте ыңкылаптын экинчи жылдыгын белгилешүүдө


24-январдагы демонстрация, Каир.
24-январдагы демонстрация, Каир.
Мындан улам көчөгө азыркы бийликтин жактоочулары да, каршылаштары да чыгууда. Оппозиция лидерлеринин бири Мухаммед эл-Барадеинин билдирүүсүндө “Египеттин кай жери болбосун мен баарын ыңкылап аягына чыгуусу керектигин көрсөтүүгө чакырам”, - деп айтылат.

Оппозициячыл демонстранттар борбор Каирдин Тахрир аянтына чогулууда. Ал жер мурдагы президент Хосни Мубаракты бийликтен кулаткан ыңкылаптын бешиги катары эсептелет.

Бүгүн азыркы президен Мохаммед Мурсинин жактоочулары да митингге чыгары күтүлүүдө. Кечээ кечинде Тахрир аянтында таш ыргыткан демонстранттарга каршы полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Президент Мухаммед Мурси өз сөзүндө жактоочуларын ыңкылаптын жылдыгын “цивилизациялуу жана тынч жол менен” белгилөөгө чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG