Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:04

ӨКМ: Барактын дүкөндөрүндө суусундуктан башка эч нерсе калбаганы айтылды


Барак, 2013-жылдын 25-январы

Барак, 2013-жылдын 25-январы

Өзбекстандын аймагында жайгашкан кыргыз эксклавы Баракка гуманитардык жардам жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, гумжардам эки КамАЗ жана бир бус менен жеткирилди.

Ал унааларга 153 куту үй-бүлөлүк гигиеналык каражат, 500дөн ашык балдар кийими, 306 кг кургатылган мөмө-жемиш жүктөлгөн.Ошондой эле Ош облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан 200 литр өсүмдүк майы, 200 кг туз, 100 даана шам, 100 куту тамеки, 500 куту ширеңке жана дары-дармек кошулду. Өкмөттүн чечими менен Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 7 тонна 650 кг ун бөлүнүп берилди.

Жергиликтүү калктын айтымына караганда Барак айылында азык-түлүк жана күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдардын тартыштыгы пайда болгон. Дүкөндөрдө суусундуктардан башка эч нерсе калган эмес. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG