Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:15

Египетте бийликтин жактоочулары, каршылаштары да көчөгө чыкты


Муну менен алар “Араб жазы” атыккан ыңкылаптын экинчи жылдыгын белгилешүүдө.

Оппозиция лидерлеринин бири Мухаммед эл-Барадеинин билдирүүсүндө “Египеттин кай жери болбосун мен баарын ыңкылап аягына чыгуусу керектигин көрсөтүүгө чакырам”,- деп айтылат.

Оппозициячыл демонстранттар борбор Каирдин Тахрир аянтына чогулду. Ал жер мурдагы президент Хосни Мубаракты бийликтен кулаткан ыңкылаптын башаты катары эсептелет. Көчөгө азыркы президент Мохаммед Мурсинин жактоочулары да чыкты. Борбор Каирде эки тарап кагылыша кетип жатканы кабарланууда. Таш ыргыткан демонстранттарды таратуу үчүн полиция Каир жана Александрия шаарларында аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Президент Мурси кечээги сөзүндө жактоочуларын ыңкылаптын экинчи жылдыгын “цивилизациялуу жана тынч жол менен” белгилөөгө чакырган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG